Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Швецияда парламенттик шайлоодо оңчул партиялар алдыга чыкты

Швециядагы шайлоо.
Швециядагы шайлоо.

Швецияда жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун жеңүүчүсү аныктала элек. Алдын ала маалымат боюнча, учурдагы премьер-министр Магдалена Андерссон жетектеген солчул-борборчул коалиция менен оңчул партиялардын ортосундагы ажырым анча көп эмес.

Дүйшөмбү күнкү эсепке ылайык, Риксдагда (Швециянын бир палаталуу парламенти) оңчул жана оңчул-борборчул төрт партия 175 мандат, солчул жана солчул-борборчул партиялар 174 мандат алат. Акыркы жыйынтык шаршемби же бейшемби күнү чет өлкөдө жашаган шайлоочулардын бюллетендери саналганда белгилүү болот.

Азырынча башкаруучу коалициядагы Социал-демократтар партиясы алдыда келатат. Бул партия Швецияда 1917-жылдан бери шайлоодо биринчи орунду алып келет. Экинчи орунда 20% добуш менен “Швециянын демократтары” партиясы.

“Швециянын демократтары” өлкөнүн башка саясий күчтөрү менен бирге өлкөнүн НАТОго киришин колдогон. Бул саясий уюм улутчул партия деп эсептелет жана Швецияда акыркы жылдары популярдуу болууда.

​
XS
SM
MD
LG