Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Жапаров ханышанын дүйнөдөн өтүшүнө байланыштуу Британияга көңүл айтты


Президент Садыр Жапаров көңүл айтуу китепчесине жазып жатат. 12-сентябрь, 2022-жыл. Бишкек.
Президент Садыр Жапаров көңүл айтуу китепчесине жазып жатат. 12-сентябрь, 2022-жыл. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров 12-сентябрда Британиянын Бишкектеги элчилигине барып, ханыша Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Улуу Британиянын падышасы Карл III (Чарльз), анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана британ элине чын ниеттен көңүл айтты”, - деп жазылат билдирүүдө.

Ханыша Елизавета IIнин каза болгонуна байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинде да аза күтүп жатышат. Каалоочулар атайын ачылган китепке ханышага коштошуу сөздөрүн арнап жазып, британ элине көңүл айтышты. Элчиликтин алдындагы мамлекеттик туулар түшүрүлдү.

Британ ханышасы Елизавета II акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, 19-сентябрда болот. Тажыя Лондондогу Вестминстер чиркөөсүндө өтөрүн ишемби күнү Букингем сарайынан билдиришти.

Британ ханышасы Елизавета II Шотландиядагы падышалык жайкы резиденциядагы Балморал сарайында 8-сентябрда каза болгон. 96 жашында дүйнөдөн кайткан Елизавета II Британиянын тарыхында тактыда эң узак отурган жетекчи болуп калды. Ал өлкөнү 70 жыл башкарды. Анын уулу Карл III Улуу Британиянын жаңы падышасы болгонун Мураскерлер кеңеши 10-сентябрда расмий жарыялаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG