Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

Азери-армян чек арасындагы кагылышууда Азербайжандын 50 аскери набыт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Азербайжандын Коргоо министрлиги азери-армян чек арасында 13-сентябрга караган түнү болгон куралдуу кагылышууда 50 аскери набыт болгонун билдирди. Анын ичинен 42си Азербайжандын армиясынын аскери, сегизи Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери. Бул тууралуу “Азаттыктын” азери кызматы жазды.

Министрлик Армениянын куралдуу күчтөрү Азербайжандын чек арасынын Дашкесан, Калбажар, Лачин жана Зангилан багыттарында чагым кылды деп айыптап жатат.

Армения Азербайжан менен чек арасындагы атышуудан бери дегенде 49 аскери мерт болгонун билдирген.

Расмий Ереван азери аскерлери армяндардын позицияларын – Сотк, Варденис, Горис, Капан, Артаниш жана Ишханасарда аткылап, жарандык инфраструктурага да чабуул жасалганын кабарлаган.

Эки өлкөнүн чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 13-сентябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, ЖККУнун миссиясын Арменияга жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Бир катар эл аралык уюмдар менен Европа өлкөлөрү Азербайжан менен Арменияны ок атууну токтотуп, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырууда.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG