Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Самаркандда Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолукту


Садыр Жапаров жана Владимир Путин.
Садыр Жапаров жана Владимир Путин.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Өзбекстандын Самарканд шаарында жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президентин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров Орусияны Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бир экенин белгилеп, соода алакасында өсүш бар экенин айтты. Путин Кыргызстанга жаратылыш кырсыктарын жоюу үчүн техникалык колдоо катары өрт өчүрүүчү жана тик учак берерин билдирди. Анын айтымында, орус өкмөтү бул багытта 1,5 миллиард рубль бөлгөн.

Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Өзбекстанда жүрөт. Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, эки лидер эки тараптуу алаканы чыңдоону сүйлөшүшкөн. Эки тарап бири-бирин өз мамлекеттерине чакырышкан.

Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) 14-16-сентябрь күндөрү өтө турган саммитине катышат. Президенттин басма сөз кызматы жыйында көп таратуу кызматташуу, аймактык жана эл аралык саясий маселелер талкууланарын буга чейин билдирген.

Садыр Жапаров бул иш-чаранын алкагында Өзбекстандын, Орусиянын, Кытайдын, Ирандын, Пакистандын лидерлери менен жолугары кабарланган.

Саммитке ШКУда байкоочу статусуна ээ болгон Беларус, Иран жана Монголиянын президенттери да катышат. Андан сырткары Түркмөнстандын, Түркиянын, Армениянын жана Азербайжандын президенттери, бир катар ири эл аралык уюмдардын жетекчилиги ардактуу конок катары келет.

ШКУ 2001-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан жана Өзбекстан мүчө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG