Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Нур-Султан маслихаты борбордун аталышын Астана деп өзгөртүүнү колдоду


Нур-Султан шаары.
Нур-Султан шаары.

Нур-Султан шаардык маслихатынын депутаттары 15-сентябрдагы жыйынында борбор калаанын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү демилгесин бир добуштан колдоду.

Жыйында чечимди кабыл алууда Телеграмм каналдардагы сурамжылоолордун жыйынтыктары эске алынганы, анда жарандардын 80% ашыгы шаарга Астана деген аталышын кайтарууну колдогону айтылды. Шаардык кеңештин депутаттарынын айтымында, жыл башынан бери баш калаага мурдагы аталышын кайтаруу боюнча 17 сунуш түшкөн.

Буга чейин Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү сунушун президент Касым-Жомарт Токаев да колдогон.

Сентябрь айынын башында Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн “Жаңы Казакстан” тобу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев жана анын жакындары пикирин билдире элек.

Казакстандын борбору Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG