Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 10-ноябрга чейин камалды


Тенгиз Бөлтүрүк сот залында.
Тенгиз Бөлтүрүк сот залында.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырды.

Жактоочусу Кайсын Абакиров ал Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында болорун билдирди.

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атаган. Ошондой эле коррупуциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирген.

Аталган соттун чечими менен Бөлтүрүк менен кошо камалган Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева эки айга, Рыспек Токтогулов болсо бир айга №1 тергөө абагына камалды.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

"Центерра Голд" компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Кийин "Центерра Голд" компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк бул холдингдин жетекчиси бойдон калган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG