Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Мектептин терезесинен секирип кеткен кыздын абалы канааттандырарлык


Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.
Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектеги №9 мектептин экинчи кабатынан секирип, ооруканага түшкөн кыздын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады. 15-сентябрда мэрия жетекчилиги кыздын абалы менен таанышып келген.

14-сентябрда Бишкек шаарындагы Балдардын клиникалык ооруканасына окуучу кыз саат 14:30да "Тез жардам" менен алып келинип, травматология бөлүмө жаткырылган. Учурда окуя териштирилип жатат.

Айрым массалык маалымат каражаттары кыз электрондук тамеки чегип жатканы боюнча ата-энеси мектепке чакырылып, түшүндүрүү иштеринен кийин мектеп терезесинен секирип кеткенин жазышты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG