Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

"Кумтөр Голд Компанинин" мурдагы аткаруучу директоруна издөө жарыяланды


Канат Курманов.
Канат Курманов.

Башкы прокуратура “Кумтор Голд Компани” ишканасындагы коррупциялык кылмыштар боюнча козголгон иштин алкагында анын мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (“Акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү бузуу”) менен шек саналып жатканын кабарлады.

Башкы көзөмөл органы Курмановду камакка алуу бөгөт чарасы тандалып, издөө жарыяланганын билдирди.

Интернеттеги маалыматта Канат Курманов “Кумтор Голд Компани” ишканасына аткаруучу директор болуп 2022-жылдын январь айында дайындалганы айтылат. Азырынча Курмановдун өзү же жакындары үн ката элек.

Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Кумтөр кениндеги коррупцияга байланыштуу кармалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бөгөт чарасын карап, аны 10-ноябрга чейин камакта калтырган. Жактоочусу Кайсын Абакиров ал Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында болорун билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк сот залында “Азаттыкка” учкай комментарий берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атаган. Ошондой эле коррупуциялык иштерди ага шылтоо негизсиз экенин билдирген.

Аталган соттун чечими менен Бөлтүрүк менен кошо камалган Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева эки айга, Рыспек Токтогулов болсо бир айга №1 тергөө абагына камалды.

Башкы прокуратура 13-сентябрда Бөлтүрүк "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу камалганын билдирген. Аны менен кошо жабдуу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева, каржы башкармалыгынын директору Рыспек Токтогулов кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Буга чейин Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдаган.

Башкы прокуратура "Кумтөрдү" августта текшере баштаган. Учурда үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG