Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Баткенде дагы ок атылды


Чек арадагы кагылыштан улам коопсуз жакка кетип бараткан эл. Лейлек, Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Чек арадагы кагылыштан улам коопсуз жакка кетип бараткан эл. Лейлек, Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Улуттук коосуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 17-сентябрь, жетишилген макулдашууларды бузуу менен тажик тарап 8:50дө Баткен районундагы Паскы-Арык айылы тарапка ок чыгарганын кабарлады. Минемот менен аткылоо беш мүнөттөй созулган.

Маалыматка ылайык, 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курч бойдон калууда.

Чек ара кызматынын Баткен облусунун Баткендеги курамы аймактагы кырдаалды турукташтыруу чараларын көрүп жатканы кабарланды.

16-сентябрдын таңында башталган кандуу кагылыш үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптап жатат. Кыргызстан кеминде 24 адам мерт болуп, 87 киши жарадар болгонун расмий кабарлады. 136 миңден ашуун адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болду.

Тажикстан каза болгондор жана жарадарлар тууралуу расмий комментарий берген жок. "Озоди" радиосу маалымат каражаттарына шилтеме берип тажик тараптан эки жайкын тургун мерт болгонун, жараат алгандар да бар экенин жазды. Маалыматтарды башка көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн болгон жок. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG