Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Кадамжайга эвакуацияланып келген эки келин төрөдү


Коопсуз жакка бараткан балдар. Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.
Коопсуз жакка бараткан балдар. Баткен. 16-сентябрь, 2022-жыл.

Баткен районунан жана Баткен шаарынан Кадамжайга 23 миңге жакын адам эвакуацияланып келген. Арасында кош бойлуу келиндер да бар.

Алардын экөө 16-сентябрда Кадамжай райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө көз жарды. Бул тууралуу Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээркан Асанова "Азаттыкка" билдирди.

"Эки ымыркайдын тең абалы жакшы. Энелеринин абалы да жакшы. Эвакуацияланып келгендердин арасынан кош бойлуу келиндер жана айрым балдар медициналык жардамга муктаж болушту. Келгендердин 70-80% балдар. Аларды бала бакчаларга жана лагерге жайгаштырып жатабыз. Районубуздун эли түнкү саат 2-3кө чейин көчөдө туруп, эвакуацияланып келген элди үйлөрүнө бөлүп кетип атышты. Азык-түлүк жагынан азырынча маселе жок, баары жетиштүү", - деди Асанова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-сентябрда чек арадагы кагылыштан улам 136 миң адам коопсуз жакка жер которууга аргасыз болгонун маалымдаган. Алар Баткен, Лейлек районунун, Баткен, Сүлүктү, Исфана шаарынын тургундары. Эвакуация уланып жатканы, чек ара жаңжалынан качкан эл Ош шаарына да келип жатышканы кабарланууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү уланууда. Акчалай жардам бергиси келгендер үчүн атайын эсеп ачылган.

16-сентябрда кечке жуук Бишкектен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Анын ичинде азык-түлүк, күнүмдүк жашоодо эң керектүү буюмдар, жеке гигиена каражаттары жана башкалар. Бишкек мэриясы дары-дармек унаа менен жибериле турганын маалымдады.

Бишкекте Баткен үчүн гуманитардык жардам Спорт сарайынын алдында, Биринчи май, Ленин, Октябрь жана Свердлов райондук акимчиликтерде, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында чогултулуп жатат.

Ошто Баткен үчүн гуманитардык жардам чогултуу түйүнү шаардык мэриянын алдында түзүлдү. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG