Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Активист Тилекмат Кудайберген уулу абактан бошотулду


Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)
Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов)

Активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыкты.

Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Тилекмат Кудайберген уулу Молдовановка айылындагы 27-түзөтүү колониясынан 17-сентябрда кое берилген. Аны жакындары, санаалаштары тосуп алды.

Бийлик сындап келген активист Тилекмат Кудайберген уулун Бишкектин Свердлов райондук соту былтыр 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген. Андан бери ал абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Кудайберген уулу Жетим-Тоону иштетүүгө жана 2021-жылдагы Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG