Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:40

Президент Жапаров чек арадагы кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууга байланыштуу бүгүн, 17-сентябрда кайрылуу жасады.

Мамлекет башчы куралдуу чыр-чатакта Мекен чегинде курман болгон адамдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдар бүткүл Кыргызстандын сыймыктуу уул-кыздарына айланганын белгилеген.

Садыр Жапаров Тажикстан тараптан да оор жоготуулар болгонун, чек ара, жер талаш маселеси кан менен коштолуп келгенин эске салган.

"Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!", - деген президент Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы такталып бүткөндөй эле, Тажикстан менен да чек араны ыкчамдатып чечүү аракети токтобой турганын бекемдеген.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда башталган ок атышуу түн оогондо токтоп, 17-сентябрда айрым аймактарда катталды. Куралдуу кагылыш үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптап жатат.

Кыргызстан 121 адам жарадар болуп, 24 адам каза тапканын расмий кабарлады.

Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. "Озоди" радиосу жергиликтүү маалымат каражаттарына шилтеме кылып, кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 10 чакты адам мерт болуп, көптөгөн адамдар жаракат алганын, бирок бул маалыматты тажик бийлиги ырастабай жатканын жазды. Маалыматты башка көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн боло элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-сентябрда ок атылып, анда да эки тарап бири-бирин күнөөлөгөн. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG