Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

УКМК: Чоң-Алайда жана Баткенде саперлор иштей баштады


Айылдын ортосундагы жардыргыч зат. Максат айылы, Лейлек. 18-сентябрь, 2022-жыл.
Айылдын ортосундагы жардыргыч зат. Максат айылы, Лейлек. 18-сентябрь, 2022-жыл.

20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы аталган аймактарда жарылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандыруу ишине киришти.

Зыянсыздандыруу учурунда аймак бөгөлөт жана кайтарууга алынат. Чек ара кызматы чек ара аймактарындагы элди бейпилдикти сактоого, ар кандай чагымдарга алдырбоого жана бардык маалыматтарды жергиликтүү чек ара кызматтарынан тактоого үндөөдө.

Жарылбай калган жардыргыч заттарды зыянсыздандыруу чараларын жүргүзүү Тажикстандын күч кызматтары менен макулдашылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан менен куралдуу кармашта минемоттон жана ракетадан аткылоо болгонун билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт кеткени расмий кабарланды. 183 адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG