Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:22

УКМК кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин билдирди


Куралдуу кол салууда талкаланып, өрттөлгөн үй. Миң-Өрүк айылы, Баткен району. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кол салууда талкаланып, өрттөлгөн үй. Миң-Өрүк айылы, Баткен району. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 20-сентябрь, саат 8:00ге карата кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде кырдаал туруктуу, түн тынч өткөнүн билдирди.

Чек ара кызматынын аймактагы аскерлери чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууну улантууда.

Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен жумушчу комиссиясы аймакта кырдаалдын чыңалуусуна жол бербөө жана мурда жетишилген макулдашууларды, анын ичинде кошумча алып келинген күчтөрдү чек арадан алып кетүү боюнча келишимдин аткарылышын көзөмөл кылып жатат.

Биргелешкен комиссия 20-сентябрдагы жолугушуусуна сунуштарды жана чечимдерди карайт.

Кыргыз-тажик чек арасында Бишкек жана Дүйшөмбү бири-бирин "куралдуу агрессияга" айыптаган соңку жаңжалда Кыргызстан кеминде 59 жаранын жоготту. 19-сентябрда жалпы өлкөдө аза күтүлдү.
Куралдуу кагылыштан 183 адам жараат алып, 140 миңден ашуун адам коопсуз жакка убактылуу жер которду.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы кагылышта 41 жараны мерт болгонун 19-сентябрда расмий маалымдады.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG