Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Turkish Airlines орусиялык учкучтарды окутуудан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркиялык Turkish Airlines аба компаниясынын окуу борбору орусиялык учкучтарды атайын машыктыруучу жабдыктарда окутуудан баш тартты. Бул тууралуу The Insider басылмасы орус аба компаниясына таянып жазды.

Окуу борборунун расмий катында, чечим "учуулардын коопсуздугу боюнча Европа агенттигинин санкцияларды катаалдатканына байланыштуу кабыл алынганы" белгиленген.

Эксперттердин баамында, мындай кадамга эми башка компаниялар да барышы мүмкүн. Алардын пикирине караганда, учкучтар атайын окуудан өтпөсө, Орусияда учуулардын коопсуздугу кескин төмөндөп кетиши ыктымал.

Мурдараак бир нече түрк банкы, анын ичинде эң ири Иш Банкасы (Iş Bankası) Орусиянын "Мир" төлөм картасы менен иштешүүнү токтоткон. Ошондой эле социалдык тармактарда картаны бир катар түрк мейманканаларында кабыл алуудан баш тартып жатканы тууралуу маалыматтар чыкты.

XS
SM
MD
LG