Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Баткен: 195 билим берүү мекемесинде окуу токтоп турат


Ак-Сай айылындагы мектеп. Сүрөт 2022-жылдын 20-сентябрында тартылды.
Ак-Сай айылындагы мектеп. Сүрөт 2022-жылдын 20-сентябрында тартылды.

Баткен облусунда 195 билим берүү мекемесинде окуу жараяны убактылуу токтоп турганын 20-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, 195 мекеменин 53ү азыр үй-жайын таштап качууга мажбур болгондорду эвакуациялоо пункту катары иштеп жатат.

Баткен шаарында жана Баткен районунда окуу жайлар иштебей турганы, Лейлек районунда 21 мектеп жана 40 бала бакча, Сүлүктүдө бир мектеп, Ош облусунун Чоң-Алай районунда беш мектеп жана беш бала бакча да ишин убактылуу токтотуп турганы кабарланды.

Жусупбекова белгилегендей, окууну калыбына келтирүү үчүн китептер, жабдыктар эсептелип чыгат, видео сабактарды өткөрүү, окуучуларды жакынкы мектептерге жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG