Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

ИИМ Баткенде абал туруктуу экенин, чыңалуу сакталып турганын билдирди


Баткен. Төрт-Көчө айылы. 2022-жылдын 18-сентябры.
Баткен. Төрт-Көчө айылы. 2022-жылдын 18-сентябры.

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталып турат. Бул тууралуу 20-сентябрда саат 17де Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, азыркы тапта чектеш аймактарда Кыргызстандын жана Тажикстандын милиция кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуулдар күнү-түнү коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун сактоо багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүүдө.

Исмаилов улут аралык кастык катары мүнөздөлгөн фактылар аныкталбаганын айтты:

“Башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына, анын ичинде тажик улутундагы жарандарга эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта болбогонун, мындай фактылар жок экенин расмий түрдө билдирем. Биздин республикада 80ден ашуун улуттун өкүлү жашайт, Кыргызстан алардын да мекени”.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 57 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Курмандыктар жана жараат алгандар тууралуу маалыматтарды көз каранды эмес булактардан тактоого азырынча мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG