Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Орусиядан учуп келген жаран экстремизмге шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Новосибирск-Ош каттамындагы учак менен учуп келген Ж. М. аттуу жаран Ош аэропортунан кармалды. Ал Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

"Шектүү социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген. Анын аккаунту аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору, экстремисттик чакырыктар камтылганын тиешелүү теологиялык экспертизалар тастыктады", - деп жазылган.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2003-жылдан бери 21 диний бирикменин өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

2020-жылдын аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын бекиткен. Концепция Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтардын алдын алуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG