Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:26

Орусия Украинадагы жоготуулары жөнүндө жаңы маалымат таратты


Украина.
Украина.

Орусия Украинага кол салган жети айдан бери экинчи жолу жоготуулары тууралуу расмий жарыялады. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 21-сентябрда Украинада 5937 орус аскери каза болгонун билдирип, “Украина менен эле эмес, эми жалпы Батыш менен согушуп жатабыз” деп айтты.

Согуш башталган 24-февралдан бери орус бийлиги жоготуулары тууралуу март айында гана бир жолу маалымат берип, 1351 аскери каза болгонун жарыялаган.

Украина жалпысынан 55 миңден ашуун орусиялык аскер өлтүрүлгөнүн айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG