Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Кыргызстанда кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды


Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Түркиянын Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Түркиянын Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир.

Кыргызстандын аймагына биргелешкен кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Бул маселе 19-сентябрда Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын президентине караштуу Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир менен жолугушкан учурда сөз болгон. Бул маалымат элчиликтин расмий сайтында жарыяланды.

Элчиликтин басма сөз кызматы да "Азаттыкка" ырастап, тараптар эки өлкө ортосундагы коргонуу багытында кызматташтык маселелерин сүйлөшкөнүн билдирди.

Кыргызстан менен Түркиянын коргоо министрлери быйыл 1-мартта аскердик-техникалык кызматташуу жаатында жол картасына кол коюшкан.

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар маалымат жыйынында Кыргызстандын коопсуздугу Түркия жана регион үчүн маанилүү экенин белгилеп, жол картасында коргонуу жана коопсуздук багытында конкреттүү багыттар аныкталганын билдирген.

Былтыр декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына Түркияда чыккан "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары сатып алынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG