Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

"Эсимде" тасмасынын бет ачары Токиодогу эл аралык кинофестивалда болот


"Эсимде" фильмин тартуу учуру. (Актан Арым Кубаттын жеке архивинен)
"Эсимде" фильмин тартуу учуру. (Актан Арым Кубаттын жеке архивинен)

Жапониянын борбору Токио шаарында өтүүчү 35-эл аралык кинофестивалда кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасынын бет ачары болот. Бул тууралуу кинорежиссер Алтынай Койчуманова журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда "Эсимде" тасмасынын бет ачары 27-октябрда болот жана 29-октябрдан 1-ноябрга чейин көрсөтүлөт. Фестивалга тасманын режиссеру да катышат жана көрүүчүлөр менен аңгемелешип, суроолоруна жооп берет.

Актан Арым Кубат тарткан көркөм кинотасмалар көптөгөн эл аралык кинофестивалдарды багындырып келет. 1998-жылы анын "Бешкемпир" тасмасы Токиодогу эл аралык кинофестивалдын байгесин алган.
2017-жылы "Кентавр" тасмасы "Токио Фильмекс" фестивалына катышкан.

"Бешкемпир", "Маймыл", "Свет аке" жана "Кентавр" тасмалары Жапонияда көп көрүлгөн фильмдердин катарын толуктаган. "Эсимде" фильми Жапониянын кинотеатрларында келерки жылдын жаз айынан тарта көрсөтүлө баштайт", - деди Койчуманова.

"Эсимде" тасмасынын бет ачары Кыргызстанда 17-ноябрга белгиленген.

"Эсимде" фильминде Зарлык аттуу баш каарман жыйырма жылдан ашуун бөтөн жерде тентип жүрүп, мекенине кайтат. Уулу Кубат аны көп жыл Орусиянын ар кайсы шаарларынан издеп, селсаяк болуп калган жеринен таап, өз айылына алып келет.

Тасмадагы баш каарман Зарлыктын ролун Актан Арым Кубат, уулу Кубаттын ролун режиссердун уулу - Мирлан Абдыкалыков аткарган.

Ата-уул режиссердун атактуу "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" трилогияларында да башкы каармандардын ролун аткарышкан.

Токиодогу эл аралык кинофестивалдын сынагына келип түшкөн 1500ден ашуун тасманын ичинен 15 тасма тандалып алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG