Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Зеленский БУУнун Башкы ассамблеясында Орусияны жазалоону талап кылды


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин БУУдагы видео кайрылуусу.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин БУУдагы видео кайрылуусу.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын делегаттарына видео кайрылуу жасап, “тынчтыкты сактоо формуласы” үчүн беш пункт сунуш кылды. Ал ушул шарттарды аткаруу менен согушту токтотуп калууга мүмкүн деп эсептейт.

Зеленский мунун биринчи чарасы катары чек араны бузганы үчүн жана адамдардын өлүмү үчүн Орусияны жазалоону талап кылды.

“Украинага карата кылмыш жасалды жана биз адилеттүү жаза талап кылабыз. Украина биздин аймагыбызды тартып алгысы келгени үчүн жаза талап кылат. Миңдеген адамдардын өлүмү үчүн жаза керек. Аялдарды жана эркектерди басмырлаганы жана кыйнаганы үчүн жаза берүү зарыл. Орусия мыйзамсыз согушу менен бизди эле эмес, бүтүн дүйнөнү олку-солку абалга алып келгени үчүн катастрофалык олку-солкулукту жараткан үчүн жазаланышы шарт”, – деп билдирди Украинанын президенти.

Ал пункттардын экинчиси катары ар бир мамлекеттин өз жарандарынын өмүрүн коргоо укугун, үчүнчүсү катары азык-түлүк жана өзөктүк коопсуздукту калыбына келтирүүнү, аймактык бүтүндүктү сактоону атады. Төртүнчүсу – коопсуздук кепилдиги, бешинчиси – коргонуу жана жардам берүүгө чечкиндүү болуу.

Владимир Зеленский дүйнө өлкөлөрүн Орусияга каршы санкцияларды салууну уланта берүүгө чакырып, аны согуш бүткүчө эл аралык уюмдарда добуш берүү укугунан ажыратууну өтүндү. Ал ошондой эле орусиялыктарга визалык чектөө киргизүүнү, Орусиянын кылмыштары үчүн атайын аскердик трибунал түзүүнү жана компенсация өндүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгууну сунуштады. Ал жаза катары Орусиянын бекитилген эсептериндеги каражаттарды Украинаны калыбына келтирүү үчүн которуу чарасын көтөрдү.

Орусия Украинага быйыл 24-февралда кол салган. Жети айга созулган согушта эки тараптын курмандыктары тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес болуп турат. Украина акыркы эсептерде 9 миңдей аскери өлгөнүн билдирсе, Орусия 60 миңдей украин жоокерин жок кылганын билдирүүдө. Москва өзүнүн аскердик жоготууларын 6 миң деп бааласа, Киев орус армиясында 55 миңден ашык кызматкер өлгөнүн кабарлоодо. (ErN)

XS
SM
MD
LG