Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Бишкектеги 15 мектептин курулушуна 3 млрд. сом чыгымдалды


Мурас-Ордо конушундагы мектеп.
Мурас-Ордо конушундагы мектеп.

Бишкек шаарында 15 жаңы мектеп жана бир бала бакчанын курулушуна мамлекеттик бюджеттен 2,5 миллиард сом, борбор калаанын мэриясынан 500 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу 23-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров 23-сентябрда Бишкектеги эки мектептин кошумча имараттарынын ачылыш аземине катышкан.

"Буга чейин президент Бишкек шаарында күзгө чейин 15 орто мектеп жана 1 бала бакча куруу милдетин койгон. Бул милдеттер аткарылды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд. сом, Бишкек шаарынын мэриясынан 500 млн. сом бөлүнгөн. 1-сентябрдан тарта жаңы мектептерди ачып, окуучуларды кабыл ала баштадык", - деди Акылбек Жапаров.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекте 15 мектепти куруу пландалып жатканы маалымдалган. Курулуштун баасы жана жаңы мектептердин тизмеси айтылган эмес.

Июль айында билим берүү министри Кыргызстанда мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2296дан 2333кө жеткенин маалымдаган. Аларда 1 жарым миллионго жакын окуучу билим алат. Быйыл Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барды. Ири шаарларда, айрыкча Ошто, Бишкекте мектептер жетишсиз. Айрым мектептерде балдар бир партага үчтөн отуруп окуганга аргасыз экенин ата-энелер айтып келишет.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG