Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Көлн шаарындагы кыргызстандыктар тынчтык акциясына чыгышты


Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында жашаган кыргызстандыктар Көлн шаарында тынчтык акциясын өткөрүштү.

“Мурас" маданий коому менен аймактагы диаспора өкүлдөрү уюштурган иш-чарага 30дан ашуун мекендеш катышты.

Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундар үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты.

Ушундай эле акциялар Германиянын Берлин, Мүнхен, Штутгарт, Майндагы Франкфурт жана башка шаарларында дагы өттү.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, буга чейин алардын 40ы аскер кызматкери экени айтылган. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз каранды эмес булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG