Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Ижевскидеги мектептеги ок атуудан мерт кеткендердин саны 15ке жетти


Ижевскидеги каргаша болгон мектептин жанындагы тез жардам унаалары. 26-сентябрь, 2022-жыл.
Ижевскидеги каргаша болгон мектептин жанындагы тез жардам унаалары. 26-сентябрь, 2022-жыл.

Орусияга караштуу Удмуртия республикасынын баш калаасы Ижевскидеги мектепте болгон ок атуудан 15 киши, анын ичинде он бир баланын өмүрү кыйылды.

Орусиянын Тергөө комитети 26-сентябрда билдиргендей, кол салган адамдын тек-жайы аныкталды. Ал окуя болгон № 88 мектептин бүтүрүүчүсү, 34 жаштагы Артем Казанцев болуп чыкты.

Ал мектепке кирип барып, алгач күзөтчүнү өлтүргөн. Андан кийин класстардын бирине кирип барып, туш келди ок чыгарган. Казанцев андан соң өз өмүрүн кыйган.

№88 мектепте миңге чукул окуучу билим алат.

2021-жылы Казандагы гимназиялардын биринде Илназ Галявиев аттуу адам туш келди ок чыгарып, анда дагы тогуз киши набыт кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG