Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Ижевск: мектептеги ок атуудан каза болгондор 17ге жетти


Ижевскидеги каргаша болгон мектептин жанындагы Тез жардам унаалары. 26-сентябрь, 2022-жыл.
Ижевскидеги каргаша болгон мектептин жанындагы Тез жардам унаалары. 26-сентябрь, 2022-жыл.

Орусиянын Ижевск шаарындагы мектепте 26-сентябрда болгон ок атуудан мерт кеткендердин саны 17ге жетти. Алардын 11и балдар. Удмуртия республикасынын жетекчилиги билдиргендей, окуяда 24 киши жаракат алды.

Кандуу каргашага байланыштуу Удмуртияда 29-сентябрга чейин аза күтүү жарыяланды.

Орусиянын Тергөө комитети кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын, ал окуя болгон № 88 мектептин бүтүрүүчүсү, 34 жаштагы Артем Казанцев экенин маалымдады.

Ал мектепке кирип барып, алгач күзөтчүнү өлтүргөн. Андан кийин класстардын бирине кирип, туш келди ок чыгаргандан кийин өз өмүрүн кыйган.

№88 мектепте миңге чукул окуучу билим алат.

2021-жылы Казандагы гимназиялардын биринде Илназ Галявиев аттуу адам туш келди ок чыгарып, анда дагы тогуз киши набыт кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG