Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

БУУ Ирандын бийлигин кармалгандарды бошотууга чакырды


Ирандагы нааразылык акциясына чыккан аял.
Ирандагы нааразылык акциясына чыккан аял.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы Ирандын бийлигин нааразылык акцияларын таркатууда «болуп көрбөгөндөй күч колдонгону үчүн» айыптады.

Женевадагы маалымат жыйында Адам укуктары боюнча башкармалыктын өкүлү Равина Шамдасани алар коопсуздук күчтөрүнүн чыныгы ок-дарыларды колдонгонуна тынчсызданып атканын айтты.

"22 жаштагы Махса Амининин камактагы өлүмүнөн кийин тутанган каршылык акцияларында көптөгөн ирандыктар өлтүрүлдү, жарадар болушту, кармалды. Ал болгону хижабды Иран бийлигинин талабына ылайык кийбегени үчүн камалган", - деди Шамдасани.

Ал ошондой эле Иран бийлигин камалгандарды бошотуп, интернетти калыбына келтирүүгө жана Амининин өлүмүн бейтарап, ыкчам иликтөөгө чакырды.

22 жаштагы Махса Амини аттуу студенттин өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктардын уланып жатканына он бир күн болду. Аларды күч менен басууда расмий 41 киши өлгөнү кабарланса, укук коргоо топтору каза болгондор алтымыштан ашканын билдиришүүдө.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.

Амини туулуп-өскөн Курдистан провинциясында башталган толкундоолор ондогон шаарга жайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG