Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Илияз Иманбетов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды


Иллютсрациялык сүрөт
Иллютсрациялык сүрөт

Кыргызстандын президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Илияз Иманбетов дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 28-сентябрда кол коюлганы расмий кабарланды.

Иманбетов буга чейин финансы министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Президенттин дагы бир жарлыгы менен облустун мурдагы башчысы Алтынбек Сулайманов кызматынан бошотулду.

Быйыл 24-февралда кызматка дайындалган Сулайманов 27-сентябрда кызматтан кеткенин жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин билдирген.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ага "аймактык реформа кылдат иштелип чыгып, акырындап ишке ашырылат" деп жооп кайтарган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG