Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Украина орус бийлигинин жасалма референдумдарын айыптады


Донецкиде жасалма референдумда добуш берип аткан жаран. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Донецкиде жасалма референдумда добуш берип аткан жаран. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Киев Украинанын төрт аймагында Москва өткөргөн, эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдарды "маанисиз жана пайдасыз"деп сынга алды. Батышты Украинага аскердик жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө чакырды.

Орусиянын армиясы жарым-жартылай көзөмөлдөгөн Запорожье, Луганск, Донецк жана Херсон облустарында өткөрүлгөн жасалма рефендумдардын жыйынтыгы жарыяланып, шайлоочулардын "басымдуу бөлүгү" Москвага кошулуу үчүн добуш бергени айтылган.

Бул төрт аймакка Украинанын жалпы аянтынын 15% туура келет.

Украин президенти Владимир Зеленский жалган добуш берүү "тапанча менен" уюштурулганын айтып, анын жыйынтыгын "ойлоп табылган" деп сыпаттады.

Ал эми АКШнын бийлиги эгер Орусия Украинанын дагы жаңы аймактарын аннексиялап алса, Москвага каршы санкциялардын жаңы айлампасы киргизилерин эскертти.

Орус парламентинин жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенконун айтымында, жалган референдумдардын жыйынтыгы тууралуу президент Владимир Путин 30-сентябрда Мамдумада сүйлөйт. Ал эми мыйзам чыгаруучулар аннексия боюнча мыйзамды 4-октябрда карашы мүмкүн.

2014-жылы Орусия ушундай эле жол менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG