Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Баткен: чек арага байланыштуу чогулган эл менен бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүдө


Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына чогулгандар. 2022-жылдын 28-сентябры.
Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына чогулгандар. 2022-жылдын 28-сентябры.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жолугушту. Алар Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын залында сүйлөшүүдө. Түшкү саат 11ге жакын башталган жолугушуу дагы эле уланып жатканын саат 15:00дө "Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлады.

Жергиликтүү жүздөн ашуун тургун театрдын алдына 28-сентябрда эртең мененки саат 10до чогулушкан.

27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында адамдар топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө сурашкан.

Акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат беришин талап кылышкан.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргыз бийлиги кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG