Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Путин Украинанын төрт облусун аннексиялоо тууралуу документке кол коёт


Орусиянын президенти Владимир Путин Крымды аннексиялоо тууралуу документке кол коюп жатат. 2014-жылдын 21-марты. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин Крымды аннексиялоо тууралуу документке кол коюп жатат. 2014-жылдын 21-марты. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын жасалма референдум өткөн төрт облусунун Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге жума күнү, 30-сентябрда кол коюшат. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлады.

Украинанын орус күчтөрү басып алган Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье аймактарында 23-27-сентябрда мажбурланган референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланды. Москва дайындаган жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул” болгонун маалымдады.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Киев референдумдарды Орусия аталган облустарды аннексиялоо үчүн атайын уюштурганын билдирүүдө. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатышат.

Мамлекеттик думанын депуттаттары 30-сентябрь, саат 15:00гө Кремлге Путиндин катышуусундагы иш-чарага чакырылганын “РИА-Новости” басылмасы жазды. Ал күнү кол коюлган документти андан ары Конституциялык сот, Мамдума жана Федерациялык кеңеш жактырышы керек. Процедуралык отурумдар 4-октябрда аякташы мүмкүн.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген.

Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG