Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга барды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда иш сапары менен Түркияга барды.

Мамлекет башчысынын учагы Бурса шаарына конду. Андан ары Изник шаарында өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышары расмий кабарланды. Президентти биринчи айым Айгүл Жапарова коштоп барды.

29-сентябрда Түркиянын Изник шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Ага 102 өлкөдөн барган үч миңдей спортчу катышууда.

Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрүнөн ат салышат.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Ысык-Көлдө уюштурулган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG