Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Алмазбек Бейшеналиев 48 саатка камакка алынды


Алмазбек Бейшеналиев
Алмазбек Бейшеналиев

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 48 саатка Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Маалыматты Ички иштер министрлиги "Азаттыкка" тастыктады.

Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда түнү кабарлаган.

Бейшеналиевдин тарапкерлери муну чагым деп аташууда. Өзүнөн же адвокатынан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын билдирди.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп экинчи ирет дайындалган. (SE)

XS
SM
MD
LG