Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Путин Украинанын төрт облусун Орусияга кошуу тууралуу документке кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери. 30-сентябрь, 2022-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери. 30-сентябрь, 2022-жыл.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшту.

Бул иш-чарага Мамлекеттик Думанын жана Федерациялык кеңештин депутаттары катышты. Алар өз жыйындарында Путин кол койгон документти өзүнүн келерки жыйындарында жактырышы керек.

Кол коюу аземинин алдындагы кайрылуусунда Владимир Путин СССР таркаган мезгилде аталган аймактарда Украинага туура эмес өтүп калганын, андагы “миллиондогон адамдар” Орусияга кошулууну өздөрү чечкенин айтты. Ал Киев эми ок атууну токтотуп, сүйлөшүүнү башташы керектигин айтып, бирок аннексияланган төрт облустун макамы талкууланбай турганын кошумчалады.

Украинанын орус күчтөрү басып алган аталган аймактарында 23-27-сентябрда жасалма референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва бекиткен жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Орусияга кошулууга “макул” болгонун маалымдады.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын кайталады. Украин президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда бул аннексияны тааныбай турганын, Путиндин кадамы мындан аркы сүйлөшүүлөргө чекит коёрун айтты. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатышат.

Орусия 2014-жылы да ушундай эле ыкма менен Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Анда да аралда жасалма референдумдар өткөрүлүп, Путин аннексиялоо тууралуу документке койгон.

Луганск менен Донецкиде жикчилдер сегиз жыл мурда эле “Луганск Элдик Республикасы” жана “Донецк Элдик Республикасы” деп аталган түзүмдөрдү уюштуруп алышкан, Херсон жана Запорожье аймактарын Москва февралда басып киргенден кийин ээлеген. Донецкиде Денис Пушилин, Луганскиде Леонид Пасечник, Запорожьеде Евгений Балицкий, Херсондо Владимир Сальдо башчылык кылат.

Орусиялык аскерлер жана жикчил күчтөр жасалма референдум өткөн төрт облустун бардык аймагын эмес, кайсы бир бөлүгүн гана ээлеп турат. Калган бөлүктөрү Украинанын көзөмөлүндө жана кармаш дале уланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG