Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Украин аскерлери Донецк облусундагы Лиман шаарына кирди


Украин аскери өлкөсүнүн желегин орусиялык армиянын танкынын үстүнө орнотуп жаткан учур. Донецк облусуна жакын аймак. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Украин аскери өлкөсүнүн желегин орусиялык армиянын танкынын үстүнө орнотуп жаткан учур. Донецк облусуна жакын аймак. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Украиналык аскерлер Донецк облусундагы Лиман шаарына кирди. Киев бул кабарды ырастады. Акыркы күндөрү шаар үчүн айыгышкан кармаштар жүргөн.

Орусиянын кремлчил Телеграм-каналдары орусиялык аскерлер шаарды таштап кеткенин жазышууда. Орусиянын Коргоо министрлиги ишемби күнү түштөн кийин аскерлер "коркунучтан улам коопсуз жакка чыгарылганын" билдирди.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Телеграм - каналында Борбордук аскердик аймакты башкарган генерал-полковник Александр Лапинди айыптап билдирүү жазды. Кадыров Кремлди чек арага жакын аймактарга аскердик абал жарыялап, "анча кубаттуу эмес өзөктүк куралды" колдонууга чакырган.

Ишемби күнү социалдык тармакта Лиманга кирген украиналык аскерлердин видеосу тарады.

Буга чейин украин аскерлери орус күчтөрүнүн колундагы Лиман шаарын толугу менен курчоого алган. Бул тууралуу "Настоящее Время" телеканалына Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн атайын даярдыктагы 1-бригадасынын аскери Тарас Березовец билдирген.

Украинанын аскерлери 1-октябрга караган түнү Лиманга өтчү бардык жолдорду жапкан. Курчоого алынган шаарда 5,5 миң орус аскери бар экени кабарланган. Украин күчтөрү аларга багынып берүүнү сунуштаган.

  • Лиман орус күчтөрүнүн колуна ушул жылдын май айында өткөн. Бул эң маанилүү темир жол түйүнү жайгашкан шаар. Мындан тышкары шаарды алуу украин күчтөрүнө Луганск облусуна түндүктөн жана батыштан чабуул коюуга жардам берет. Украиналык аскерлер Лиманга чабуулду шаардын түндүк-чыгышындагы Харьков облусундагы ийгиликтүү операциясынан кийин баштаган.
  • Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин украиналык төрт аймакты аннексиялап алганын жар салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG