Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Кыргызстандык альпинисттер Гималайдагы Манаслу чокусун багындырышты


Кыргызстандык альпинисттер.
Кыргызстандык альпинисттер.

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Гималайдагы бийиктиги 8163 метр болгон Манаслу чокусун багындырышты. Бул тууралуу улуттук экспедициянын катышуучусу Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Альпинисттер Манаслуга кыргыз желеги менен үч килограммдык "Манас" эпосун алып чыгышты.

Буга чейин Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов Непал бийлиги альпинисттердин Манаслуга чыгуу демилгесин жактырганын билдирген. Ошондон кийин курамында жети альпинисттен турган топ Гималайдагы Манаслу чокусуна 7-сентябрда сапар тартышкан.

Кыргызстандык альпинисттер.
Кыргызстандык альпинисттер.

Команданын курамы:

Сергей Селивёрстов, команданын капитаны,

Кадыракун Нурмаматов, “Манаслу 2022” долбоорунун жетекчиси,

Эдуард Кубатов,

Андрей Ерохин,

Асел Байбагышева,

Илим Карыпбеков,

Азизбек Оморкулов.

Буга чейин кыргызстандык альпинисттер Гималайга экспедиция жасаган эмес.

Манаслу — Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет.

2021-жылдын май айында Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган. Ал “Азаттыкка” Эверестке чыгууга даярдык 2014-жылы башталганын айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG