Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Индонезиядагы футбол беттешинде 120дан ашык адам каза болду


Индонезияда Ява аралындагы футболдук беттеш учурунда 127 адам каза болгонун жергиликтүү полиция билдирди. 180 адам ар түрдүү жараат алышты. Жеңилген команданын күйөрмандары футбол аянтчасына чуркап чыгышып, тыгында көбү тебеленип калган.

Индонезиянын Arema жана Persebaya Surabaya футбол командаларынын оюну Маланг шаарындагы Канжурухан стадионунда өттү. Arema 2:3 эсебинде утулганына нааразы болгон күйөрмандар футбол талаасына чуркап чыгышкан.

Полициянын тополоңду токтотуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгону абалды ого бетер курчутуп жиберген. Каза болгондордун арасында аялдар жана балдар, ошондой эле эки полиция кызматкери бар.

Индонезиянын футбол лигасы бир жумага ишин токтотту. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG