Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Тегеранда университеттин студенттери менен полиция кагылышты


Шариф университети. Тегеран. 25-сентябрь, 2022-жыл
Шариф университети. Тегеран. 25-сентябрь, 2022-жыл

Ирандын коопсуздук күчтөрү Тегерандагы университеттин студенттери менен кагылышты. Бир нече аптадан бери өлкөдө нааразылык акциялары тынчый элек. 16-сентябрда полиция хижаб кийүү эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин студент кыз Махса Амининин каза тапканы ачыкка чыкканда Ирандын бир нече шаарында эл козголгон.

2-октябрда социалдык тармактарда пайда болгон видеолордо полиция Шариф университетин курчап алганын, студенттерди кампустан сүрүп чыгаруу үчүн жаш агызчу газ колдонгонун көрүүгө болот. Айрым видеолордо куралдын добушу угулуп жатат.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары “кагылышуулар тууралуу” маалымдап, илим министри кырдаал менен таанышуу үчүн кампуска барып кеткенин билдирди.

Ошол эле күнү Тегерандан башка бир нече шаарда да демонстрациялар болду. Видеолордо чогулгандардын “эгемендик, эркиндик, Хаменеиге өлүм” деп ураан чакырганы көрүнүп турат.

Ирандагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Норвегиядагы уюм өткөн аптада маалымдагандай, наараылык толкуну башталгандан бери кагылышууларда кеминде 133 киши каза тапты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG