Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

Орусия: Конституциялык сот Украинанын төрт облусун аннексиялоону мыйзамдуу деп тапты


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кремль аннексиялаган төрт аймактын башчылары
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кремль аннексиялаган төрт аймактын башчылары

Орусиянын Конституциялык соту орус армиясы басып алган Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын аннексиялоо жөнүндө президент Путин жана жикчил аймактардын башчылары кол койгон келишимди мыйзамдуу деп тапты. Андан мурда Украинанын бул аймактарында Кремль колдогон жикчил күчтөр жасалма референдум өткөргөн. Анын жыйынтыгын Киев жана эл аралык коомчулук тааныбайт.

30-сентябрда Москвада кол коюлган келишимдерге ылайык, Орусиянын курамында жаңы төрт субъект пайда болот. Алар ДНР, ЛНР, Херсон облусу жана Запорожье облусу деп аталат.

3-4-октябрда Кремлдин аннексиясын Мамлекеттик Дума жана Федерация Кеңеши атайын конституциялык мыйзам кабыл алып, мыйзамдаштырат деп күтүлүүдө.

2014-жылы Орусия ушундай схема менен Украинанын курамындагы Крым жарым аралынын аннексиясын колдогон.

30-сентябрда Путин Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустарын аннексиялап алганын жарыялаган. Аталган облустардын бир топ аймактарын орус аскерлери басып алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG