Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:46

Грекиядан Болгарияга азери газын өткөргөн газ кууру ишке кирди


1-октябрда Грекиядан Болгарияга Азербайжандын газын өткөргөн куур расмий түрдө пайдаланууга берилди. София шаарындагы салтанаттуу иш-чарага Европа комиссиянын башчысы Урсула фон дер Лайен, Болгариянын, Сербиянын, Түндүк Македониянын жана Азербайжандын президенттери, Румыниянын жана Грекиянын өкмөт башчылары катышты.

Болгария жаңы газ кууру аркылуу Азербайжандан 3 миллиарддан 5 миллиард куб метрге чейин газды, ошондой эле Грекиядан суюлтулган газ ала алат.

Долбоордун негизги максаты - Болгариянын Орусиядан энергетикалык көз карандылыгын азайтуу. Ушул жагдайга көңүл бурган Урсула фон дер Лайен бул учурду Болгариянын энергетикалык коопсуздугу үчүн "бурулуш учур" деп атап, бүтүндөй Түштүк-Чыгыш Европа үчүн "жаңы доордун башталышы" катары баалады.

"Болгарияда жана бүткүл Европада адамдар Орусия баштаган согуштун кесепетин сезип жатат, бирок мындай долбоорлордун жардамы менен Европа кышка жетиштүү газга ээ болот", - деди Еврокомиссиянын башчысы.

"Азаттыктын" болгар кызматы белгилегендей, газ кууру аны ишке киргизүү идеясы пайда болгондон 13 жылдан кийин ишке берилди. Бул идея 2009-жылдын кышында, Орусия Украина аркылуу газ берүүнү бир тараптуу токтотуп, аймакты бир жума жаратылыш газсыз калтыргандан кийин пайда болгон.

Буга чейин Европа Биримдиги орусиялык мамлекеттик энергетикалык гигант “Газпром” компаниясынын Польша менен Болгарияга газ берүүсүн токтотконун “Москванын опузасы” деп баалаган. Аталган эки өлкөгө көгүлтүр отун берилбей калганы 26-апрелде белгилүү болгон. "Газпром" 27-апрелде билдирүү таратып, Польша менен Болгария рубль менен төлөм жүргүзбөгөнү үчүн ушундай кадамга барганын маалымдаган.

Грекиянын Комотини шаарынан Болгариянын Стара Загора шаарына чейин 182 метрлик газ куурунун курулушу 2019-жылы башталып, жарым-жартылай Евробиримдиктин бюджетинен каржыланган.

Газ куурун ишке киргизүү "Түндүк агым" газ түтүктөрүндөгү ири авариянын жана Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнө орус газын берүү токтогон учурга туш келди. Ишемби күнү италиялык Eni компаниясы Орусиядан газ берүү толугу менен токтогонун билдирген. Компания ырастагандай, "Газпром" Австрия аркылуу газ берүү мүмкүн болбой жатканын билдирген.

"Газпром" австриялык оператор белгиленген көлөмдү ташуудан баш тарткандыктан, 1-октябрда Италияга газ жеткире албай калганын айтууда. Ал иш качан жанданары белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG