Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Берлинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштын кесепети талкууланды


Өмүрбек Текебаев жана Маттиас Люттенберг. 29-сентябрь, 2022-жыл. Берлин
Өмүрбек Текебаев жана Маттиас Люттенберг. 29-сентябрь, 2022-жыл. Берлин

Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев немис Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ɵз ара сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды. Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Өмүрбек Текебаев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышуу жана анын калкка тийгизген кесепети тууралуу маалымат берди.

"Кыргызстан Борбордук Азиядагы ачык демократиялык өлкө катары, эл аралык коомчулукту, анын ичинде Германияны Тажикстандын агрессиясын айыптоого, ошондой эле БУУ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарды кыргыз-тажик чек арасында узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылууга катышууга чакырарын билдирди", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Маалыматка караганда, Маттиас Люттенберг кагылышуунун натыйжасында көп сандаган адам курман болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Немис тарап БУУ, ЕБ жана ЕККУ алкагында туруктуулукту камсыз кылууга, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара чатактарын алдын алууга салым кошууга кызыкдар экендигин билдирди.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптап жатат.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, арасында 14 жаштагы кыз бар. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70тен ашуун кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG