Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:47

Чек ара жаңжалында талкаланган 134 үйдүн орду урандыдан тазаланды


Капчыгай айылынын үй-жайы талкаланган тургуну. Сентябрь, 2022-жыл. Баткен.
Капчыгай айылынын үй-жайы талкаланган тургуну. Сентябрь, 2022-жыл. Баткен.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланган турак жайлардын ордун тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2-октябрдагы маалыматына караганда, облус боюнча 134 үйдүн орду урандылардан тазаланды.

Анын 67си Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарында, 19у Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан.

Буга чейин ӨКМ Баткенде калыбына келтирүү иштерине 205 куткаруучу жана 70 техника тартылганын кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү бул тууралуу маалымат берген жок. Көз карандысыз башка булактардан маалыматты тактоого мүмкүн болгон жок.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.(КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG