Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:14

Элчилик: Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт


Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты. Элчилик бул маалыматтарды төгүндөп, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

"Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет", - деп жазылган маалыматта.


21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Путин мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга агылууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG