Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Польша Беларус менен чек арасына дубал курду


Польша-Беларус чек арасы.
Польша-Беларус чек арасы.

Польша Беларус менен чек арасына дубал тургузуп бүткөнүн Польшанын атайын кызматынын өкүлү Станислав Жарин билдирди.

"Учурда Польшага мыйзамсыз кирүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө Европадагы эң коопсуз чек ара Польшаныкы", - деп жазды ал Твиттерге. Дубалды тургузууга болжол менен 1,6 млрд. злотый же 330 млн. евро сарпталды.

Чек арадагы тосмону куруу иштери Беларус аркылуу Европага мигранттардын агымы кескин күчөгөн учурда, 2021-жылдын күзүндө башталган.

2020-жылдын 9-августунда Беларуста президенттик шайлоо өтүп, анын расмий жыйынтыгына ылайык алтынчы ирет Александр Лукашенко жеңип чыккан.

Буга каршылык билдирген түмөндөгөн беларустар көчөгө чыгып, президенттин кызматтан кетишин, саясий куугунтуктун токтотулушун жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Батыш шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес жана беларус бийлигине каршы санкция салган.

Ошол учурда Европа биримдигинин өкүлдөрү Беларустун президенти Александр Лукашенкону санкцияларга жообу же мигранттардын "аткезчилиги" үчүн айыпташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG