Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

УКМК “Хизб ут-Тахрир" уюмунун жети мүчөсү кармалганын билдирди


"Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шек саналган адамдарды кармоо учуру. Бишкек. Май, 2022-жыл.
"Хизб ут-Тахрир" уюмунун мүчөсү деп шек саналган адамдарды кармоо учуру. Бишкек. Май, 2022-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун жети мүчөсү кармалганын маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы кармалган адамдардын жашаган жерин тинтүү учурунда диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган түрдүү электрондук адабияттар жана брошюралар табылганын билдирди. Экспертизанын жыйынтыгында бул адабияттарда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясынын жана ишмердүүлүгүнүн белгилери бар экени тастыкталган.

УКМКнын маалыматында тергөө учурунда кылмыш ишинин айрым айыпталуучулары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, диний-экстремисттик аракеттерге катышканына өкүнүчүн билдиргени, айрымдарынын иши сотко ашырылганы жазылган.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда эл аралык 20 экстремисттик-террордук уюм жана бир секта бар. Кыргызстан аларды деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таап, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башка уюмдар бар.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG