Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Украинанын армиясы Донецк облусунда алдыга жылып жатат


Лиман шаары бошотулгандан кийин. 1-октябрь, 2022-жыл
Лиман шаары бошотулгандан кийин. 1-октябрь, 2022-жыл

Украинанын куралдуу күчтөрү стратегиялык Лиман шаарын кайтарып алгандан кийин аскерлери Донецк облусунда алдыга жылып жатканын билдирди.

Армиянын өкүлү Сергей Череватыйдын айымында, Лимандын жанындагы Торское айылы бошотулду, Луганск облусунда Кременная кыштагы үчүн кармаш уланууда, Херсон облусунда да чабуул коюп жатышат.

Ал арада украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 3-октябрда Орусия бир күн мурда 320 аскерин жоготконун билдирди. Көбү Краматорск жана Бахмутта окко учкан. Киев каршы тарап согуш башталгандан бери 60 миң 400 аскеринен айрылганын маалымдады.

Буга чейин орус коргоо министри Сергей Шойгу жоготуулардын саны 5 миң 937 экенин айткан.

Эки тараптын тең статистикасын текшерүү мүмкүн эмес.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин украин армиясынын согуш талаасындагы ийгиликтери Вашингтонду шыктандырганын билдирди.

Анын алдында украин президенти Владимир Зеленский Донбасстагы Лиман шаары толугу менен бошотулганын жарыялаган.

Харьковдогу жемиштүү контрчабуулдан кийин бул – украин армиясынын маанилүү ийгилиги болуп калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG