Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Химия боюнча Нобел сыйлыгын америкалык, даниялык окумуштуулар алды


Химия боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери, окумуштуулар Каролин Бертоцци, Мортен Мелдал жана Бэрри Шарплесс.
Химия боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери, окумуштуулар Каролин Бертоцци, Мортен Мелдал жана Бэрри Шарплесс.

Химия боюнча Нобел сыйлыгын америкалык жана даниялык окумуштуулар алды. Америкалык Каролин Бертоцци, Бэрри Шарплесс жана Даниянын өкүлү Мортен Мелдал молекулярдык, биоортогоналдык химия жаатындагы эмгектери жана молекулаларды жасоо инструменттерин тапканы үчүн абройлуу сыйлыкка татыды.

81 жаштагы Шарплесс 2001-жылы да Нобел сыйлыгынын лауреаты болгон.

Бул аптада сыйлык медицина жана физиология тармагындагы ачылыштар үчүн швециялык биологго, физикадан франциялык, америкалык жана австриялык илимпоздорго ыйгарылды.

Эми адабият жана тынчтык сыйлыгынын лауреаттары аталмакчы. Экономика боюнча жеңүүчү 10-октябрда белгилүү болот.

Сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG