Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Чек ара кызматы "Тамдык" чек ара бекети өз көзөмөлүндө экени билдирди


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткен районундагы тажик тараптын аткылоосуна кабылган "Тамдык" чек ара бекети Кыргызстандын көзөмөлүндө экенин билдирди. Бул тууралуу аталган мекеме 23-сентябрда маалымат таратты.

Анда 16-сентябрда чек арадагы куралдуу кагылышууда тажик тарап "Тамдык" чек ара тозотун артиллериялык куралдар менен аткылаганы, алар сан жагынан көп болгону айтылат.

"Чек ара тозотунун башчысы өз өмүрүн кыйып, тозоттун өздүк курамына үстөмдүк кылган бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүк берип, аскер кызматкерлерине душмандын тең эмес күчтөрү менен салгылашып, андан соң маневр жасоого мүмкүнчүлүк берген",- деп билдирген Чек ара кызматы.

Маалыматта айтылгандай, массалык аткылоодон “Тамдык” тозотунун бардык инфраструктурасы талкаланган, бул учурдан пайдаланып тажик тарап ошол аймакты тазалоого аракет кылган.

Чек ара кызматы “Тамдыкта” азыр деле Тажикстандын аскерлери жүргөнү боюнча маалыматты төгүндөдү.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргызстан 14-16-17-сентябрдагы чек арадагы кол салуудан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 70 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Бул маалыматты көз карандысыз булактан тактоого мүмкүн болбой жатат. (КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG