Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетине убактылуу чектөө кирди


"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.
"Достук" өткөрмө бекети. 20-октябрь, 2021-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетине убактылуу чектөө киргизилгенин кабарлады.

Чектөө аталган өткөрүү бекетиндеги капиталдык курулуштун аякташы жана андагы имараттын ремонтуна байланыштуу кирип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта ушул себептен “Достук-автодорожныйда" жарандардын жана автоунаалардын кезеги пайда болушу ыктымалдыгы белгиленген.

Алдын ала маалыматка караганда, “Достук-автодорожный" 6-октябрь күнү 14:00гө чейин жабык турду. Чек ара кызматы жарандарды абалды түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала пландап жолго чыгууга үндөдү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG