Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:57

Байден Орусия өзөктүк курал колдонушу ыктымалдыгын эскертти


Жо Байден
Жо Байден

АКШ президенти Жо Байден украин күчтөрүнүн контрчабуулдары ийгиликтүү болуп, оккупацияланган аймактарда орус армиясын сүрүп чыкса, Москва өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу Байдендин сөзүн америкалык басылмалар жазып чыкты.

Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейинки сөздөрүндө “зарыл болсо өзүнүн өзөктүк арсеналын колдонорун” айтып, бир нече жолу дүйнөнү опуза кылган. Байден өз сөзүндө “Путин тамашалаган жок” деп белгиледи.

“Биз өзөктүк Армагеддон коркунучуна Кеннединин жана Куба ракеталык кризисинен бери биринчи жолу туш болуп жатабыз”, – деди Байден Нью-Йорктогу сөзүндө.

1962-жылы АКШда Жон Кеннеди президент жана СССРде Никита Хрущев лидер болуп турган тушта алар өзөктүк куралды колдонууга кыйла жакындашкан. Буга советтик бийлик Кошмо Штаттардын жанындагы Куба мамлекетине ракеталарын жайгаштырганы себеп болгон.

Өткөн аптада Орусия Украинанын төрт облусун аннексиялап, өзүнө мыйзамсыз кошуп алды. Эл аралык нормаларды одоно бузган Москванын кадамын Батыш катуу айыптап, дипломатиялык басым-кысымын улантууда. Украинанын бийлиги да бул аннексияны тааныбай турганын жарыялап, бийликте Владимир Путин турганда Орусия менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Москванын бул чечими Украинанын күчтөрүнүн ийгиликтүү жүрүштөрүнүн фонунда кабыл алынган. Украин аскерлери контрчабуулун августтун аягында баштаган жана ал дале уланууда.

Мурдараак кабарлаганыбыздай эле, орус күчтөрү жана жикчилдер ушул күндөрү Донецк, Луганск, Херсон, Запорожье облустарынын көпчүлүк бөлүгүн, Николаев жана Харьков облустарынын азыраак бөлүгүн ээлеп турат. Харьковдун басымдуу аянтын украиндер сентябрда контрчабуулдун алкагында бошоткон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG